Жаанчыл болобу? Ысык-Көлдө бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы +9...+14 градустун тегерегинде жылуу болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Келерки аптада Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарына кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Ага ылайык, аптанын биринчи күнү, 31-октябрда, Көлдүн көпчүлүк аймактарына жамгыр, тоолуу жерлерине кар жаашы мүмкүн. 1-ноябрдан 4-ноябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 4-5-ноябрда күндүн көзү бузулуп, жамгыр жааса, 6-ноябрда кайра күн ачыла турганы айтылды. Абанын температурасы +9...+14 градустун тегерегинде жылуу болот.
Күздүн илеби кайтабы? Таласта бир жумага карата аба ырайы