Элчилик: Сеулда кырсыктагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Дипломатиялык өкүлчүлүк мекендештер үчүн +82-10-6891-2707 (WhatsApp) телефонун жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт.— Sputnik. Сеулда Хеллоуин майрамына барып көз жумгандардын жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КРдин Түштүк Кореядагы элчилиги Йонгсан районунун полициясына таянып кабарлады.
"Окуя боюнча элчилик Түштүк Кореянын компетенттүү органдары менен тиешелүү иштерди жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Дипломатиялык өкүлчүлүк мекендештер үчүн +82-10-6891-2707 (WhatsApp) телефонун калтырып, кыргызстандыктар тууралуу маалымат болуп калса кабарлап коюуну өтүндү.
Эске салсак, Түштүк Кореянын Сеул шаарында 29-октябрда Хеллоуин майрамын белгилеп жатып 150дөн ашык адам тебелендиде калып көз жумган.
Сеулдагы каргашалуу окуя: Садыр Жапаров Кореянын президентине көңүл айтты