Садыр Жапаров иш сапар менен БАЭге кетти. Делегациянын курамы

Сапардын алкагында Садыр Жапаров БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмирлигине учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү, эки тараптуу документтерге кол коюлары мерчемделген.
Расмий делегациянын курамы:
Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри;
Муратбек Азымбакиев – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Абдилатиф Жумабаев – Кыргызстандын БАЭдеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
Кубанычбек Бөкөнтаев – Улуттук банктын төрагасы;
Динара Кутманова – жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Алмаз Бакетаев – финансы министри;
Данияр Амангелдиев – экономика жана коммерция министри;
Таалайбек Ибраев – энергетика министри;
Тойгонбай Абдыкаров – Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору;
Эмилбек Абдыкадыров – Бишкек шаарынын мэри;
Каныбек Туманбаев – президенттин иш башкаруучусу;
Темирбек Эркинов – министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси.
Алака бекемделет. Садыр Жапаровдун Астанада Токаев менен жолуккан видеосу