Радио

Эшимов: киного караганда сериалда оюңду кенен бере аласың

Режиссер-сценарист Радик Эшимов "Кошунаны тандабайт" сериалын тарткандан кийин бул жанрга болгон кызыгуусу күч алганын айтты.
Sputnik
Сериалды эл киносайттардан бекер көргөндүктөн ар кайсы жанрды кошсо болот. Ал эми кино көпчүлүк учурда бир жанр менен гана тартылат. Мындай пикирин Радик Эшимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кинодо айтайын деген оюңду кенен жеткире албай каласың.
"Кинодо убакыт чектелүү болгондуктан көпчүлүк учурда ал тасма менен эмнени берейин деп жатканыңды толук жеткире албай калгандай сезилет. Ал эми сериалда айтайын деген ойду кенен жеткире аласың. "Кошунаны тандабайт" сериалын тарткандан кийин бул жаатта иштөө абдан жагып калды. "Эл эмне дейт?" долбоорунда оюбузга келген идеяларды кошо берчүбүз. Ар кандай сценарийлерди жазып, ишке ашыргандан кийин сериал тартып көрөлү деп белсендик. Андан соң казакстандык продакшн студияда сценарист катары казак аудиториясы үчүн иштедим",— деди режиссер-сценарист.
Ал жакында "Акча" аттуу сериалы элге тартууланарын кошумчалады.