Президент Жапаровду Абу-Дабиде кантип тосуп алышты. Видео

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Абу-Даби шаарына келди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Президенттин учагы Абу-Даби шаарындагы эл аралык аэропортко конгон. Флагштокторго Кыргызстан менен БАЭ туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген.
Ошол эле жерде Жапаровдун БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин Мохаммед Фарадж Фарис Аль Мазруэй менен кыскача баарлашуусу болгон.
Эске салсак, иш сапардын алкагында мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.
Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке келди