Нарында кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Келе жаткан аптада катуу деле суук түшпөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы аптада Нарында аба ырайы кандай болорун болжолдуу түрдө айтты.
Маалыматка караганда, келе жаткан аптада катуу деле суук түшпөйт. Бирок аптанын башында жамгыр, тоо этектерине кар жаашы мүмкүн. 31-октябрда аталган облустун көпчүлүк жерлери жаанчыл болсо, 1-ноябрдан тарта күн ачылып, 4-ноябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 5-ноябрда жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаай турганы айтылды. Ал эми 6-ноябрда күн ачылат. Абанын температурасы күндүз 9...11 градусту көрсөтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Жалал-Абадга суук түшөбү? Бир аптага карата аба ырайы