Радио

Күрөңкеев: Кыргызстанда электрондук соода тез өнүгүп жатат

Кыргызстандын электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Күрөңкеев өлкөдө электрондук соода жүргүзүүнү көбүнесе кызмат көрсөтүүчү компаниялар ишке ашырып жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун эсептөөсү менен электрондук коммерциянын өнүгүшү боюнча дүйнөлүк рейтингде 170 мамлекеттин арасында 111-орунда турат. Биз үчүн бул азыркы учурда жакшы көрсөткүч деп билсек болот. Бул тууралуу Айбек Күрөңкеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө электрондук соода тез өнүгүп, бул рынокко келген инвестициянын көлөмү өсүүдө.
"Электрондук соода жөнүндө" мыйзам Кыргызстанда бул тармакта иш алып барууга бир топ шарт түзүүдө. Мисалы, мыйзам коңшу өлкөлөр үчүн үлгү болуп жатат. Мындан тышкары, электрондук соода жүргүзгөн ишкерлер үчүн 2 пайыз жеңилдетилген салык ченеми жакшы чечим десем болот. Мындай кадамдар рыноктун өнүгүшүнө өбөлгө болот. Учурда Кыргызстан БУУнун эсептөөсү менен электрондук коммерциянын өнүгүшү боюнча дүйнөлүк рейтингде 170 мамлекеттин арасында 111-орунда турат. Биз үчүн бул азыркы маалда жакшы көрсөткүч. Өлкөдө электрондук соода тез өнүгүп, бул рынокко келген инвестициянын көлөмү өсүүдө. Ал эми ассоциациянын негизги максаты — Кыргызстандагы онлайн-бизнестин кызыкчылыктарын коргоо, онлайн-бизнеске дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн эксперттик колдоо көрсөтүү жана ассоциация мүчөлөрүнүн ортосунда тармактык платформа түзүү", — деди Күрөңкеев.
Ошондой эле адис "Электрондук соода паркы" стратегиялык долбоорун ишке ашыруу маселеси каралып жатканын кошумчалады.