БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат ушул жылдын III кварталында 971 ишкерди текшерип, натыйжада 511 миң 500 сом айып салынганын маалымдады.
Билдирмеге караганда, дагы 391 ишкерге эскертүү берилген.
"Ветеринардык кызматы тарабынан мамлекеттик көзөмөлгө алынган ишкерлик субъектилеринин ишин текшерүү план менен жүргүзүлдү. Ветеринардык кызмат менен Экономика жана коммерция министрлигинин ортосундагы биргелешкен буйруктун негизинде жаңы 14 текшерүү барагы бекитилди", — деди министрликтин маалымат кызматынан.