Кыргызстандын жаштары география боюнча диктант жазышат

Жети жыл ичинде акцияга дүйнө жүзүнөн эки миллионго чукул адам кошулган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт.— Sputnik. Кыргызстанда Россиянын президенти Владимир Путин демилгелеген "География боюнча диктант" аттуу ири акция старт алды.
1 / 5

Кыргызстанда Россиянын президенти Владимир Путин демилгелеген "География боюнча диктант" аттуу ири акция старт алды

2 / 5

Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун ("Русский дом") жаштар жана ыктыярчылар долбоорлорунун куратору Баира Буваеванын айтымында, бул жылы диктантты Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кант шаарларынын жана Чүй, Баткен облустарынын айылдарынын жаштары жазышмакчы

3 / 5

Эл аралык акция ушуну менен сегизинчи ирет өтүп жатат. Ар жылы ал миллиондогон адамдын башын бириктирет.

4 / 5

Ири масштабдуу акция Россия президенти Владимир Путиндин демилгеси менен Орус географиялык коомчулугу тарабынан ишке ашырылып келет

5 / 5

Максаты — география боюнча билимди жайылтып, калктын Россиянын географиясына кызыгуусун арттыруу

Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун ("Русский дом") жаштар жана ыктыярчылар долбоорлорунун куратору Баира Буваеванын айтымында, бул жылы диктантты Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кант шаарларынын жана Чүй, Баткен облустарынын айылдарынын жаштары жазышмакчы.
"Жети жыл ичинде акцияга дүйнө жүзүнөн эки миллионго чукул адам кошулду. Кыргызстанда иш-чара беш облус жана чоң-чоң шаарларында өтүүдө. Ага катышууну каалаган бардык уюм, мектептер өз аянтчаларын география боюнча диктанттын сайтына каттай алышты", — деген ал.
Акция башталар алдында Бишкекте орус драма театрында катышуучулар менен Россиянын космонавттары учурашып, баарына салам жолдоп, ийгилик каалашты.
Эл аралык акция ушуну менен сегизинчи ирет өтүп жатат. Ар жылы ал миллиондогон адамдын башын бириктирет. Ири масштабдуу акция Россия президенти Владимир Путиндин демилгеси менен Орус географиялык коомчулугу тарабынан ишке ашырылып келет.
Максаты — география боюнча билимди жайылтып, калктын Россиянын географиясына кызыгуусун арттыруу.
Кыргызстандын жаштары "Адабий диктант" акциясына кошулду. Сүрөт