Илон Маск Twitter компаниясынын кызматкерлеринин санын кыскартат

Twitter компаниясында иштегендер 1-ноябрга чейин жумуштан кетиши керек. Адатта бул күнү кызматкерлер компаниянын акциясы катары грант алышчу.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Миллиардер Илон Маск ушул жумада сатып алган Twitter компаниясынын кызматкерлеринин санын кыскартууну чечти. Бул тууралуу The New York Times компаниянын кызматкерлерине шилтеме берип жазды.
Басылмага маалымат бергендердин айтымында, айрым менеджерлерден жумуштан кетире турган кызматкерлердин тизмесин сурашкан. Учурда компанияда штатта 7,5 миң киши иштейт, анын канчасы иштен алынары белгисиз.
Газетанын билдиришинче, Twitter кызматкерлери 1-ноябрга чейин жумуштан кетиши керек. Бул күнү алар компаниянын акциясы катары грант алышчу. Ушундай жол менен Илон Маск аларга гранттарды төлөбөй коюшу мүмкүн экени айтылат.
Буга чейин Маск Twitter компаниясынын чыгымдарын кыскартуу керектигин билдирген.
Бизнесмен компанияны расмий түрдө 28-октябрдан тарта жетектей баштап, ошол эле күнү мурдагы жетекчиликти иштен кетирген.
Тамак жасайт. Tesla адам сымал Optimus роботторун көрсөттү. Видео