Смартфон аркылуу "Бишкек суу каналга" көрсөткүчтү кантип жөнөтсө болот

Көрсөткүчтү тапшыруу үчүн жеке эсептин номерин киргизишиңиз керек.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Мэрия смартфон же компьютер аркылуу "Бишкек суу канал" ишканасына көрсөткүчтөрдү кантип берсе болорун эске салды.
Онлайн которуунун бир нече ыкмасы бар:
Сайт voda.link.kg аркылуу (күнү-түнү);
ишкананын Call-борбору аркылуу — 1533 телефону боюнча;
WhatsApp аркылуу, номерлер - 0 (772) 00-15-33, 0 (554) 69-99-51;
Telegram-боту аркылуу — 0 (772) 00-15-33.
Көрсөткүчтү тапшыруу үчүн жеке эсептин номерин киргизишиңиз керек.
Абонент ай сайын муздак жана ысык сууга акы төлөшү керек.
Бишкек ТЭЦи жазда мэриянын балансына өткөрүлөт