Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажикстандын кол салуусунан талкаланган Максаттагы милиция бөлүмү, ФАП оңдолду. Сүрөт

Лейлек районунун Максат айылында турак жайлардын курулушу да жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенге болгон сапарында Лейлек районундагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин кандай курулуп жатканын көргөнүн өкмөттөн кабарлашты.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенге болгон сапарында Лейлек районундагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин кандай курулуп жатканын көргөнүн өкмөттөн кабарлашты

2 / 4

Жапаров Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган Максат айылындагы милиция бөлүмүн жана фельдшердик-акушердик пунктуну көрүп чыккан

3 / 4

Имараттарда капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн

4 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Лейлек районунун Максат айылындагы турак жайлардын курулушу менен да таанышты.

Жапаров Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган Максат айылындагы милиция бөлүмүн жана фельдшердик-акушердик пунктуну көрүп чыккан. Имараттарда капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн.
Фельдшердик-акушердик пункт "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмеси тарабынан оңдолуп, учурда жашоочуларды кабыл алууда. Жалпысынан мекеме 900дөн ашуун жергиликтүү тургундарга медициналык жардам көрсөтөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Лейлек районунун Максат айылындагы турак жайлардын курулушу менен да таанышты. Ага учурда курулуп жаткан үйлөрдүн долбоорлору көрсөтүлдү.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Жапаров: Баткенде талкаланган үйлөрдүн ордуна асты-үстү бетон тамдар салынат