Sputnik Кыргызстан агенттигинде Кыргыз эл артисти, кино жана театр актёру Бакирдин Алиевди эскердик. Ал үчүн бизде конокто Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёрдун жубайы Кеңеш Курманалиева жана кесиптеши, тууганы Турарбек Рыскулов болду.
Бакирдин Алиев ар кыл мүнөздөгү ролдорду чебер аткарган актёр катары белгилүү.
Токтогул (Бексултан Жакиев, "Миң кыял"), Тейитбек (Касымалы Жантөшев, "Курманбек"), Хлестаков (Николай Гоголь, "Текшерүүчү"), Яго, Форд (Ульиям Шекспир, "Отелло", "Виндзордук ойсокелер"), Акылбек (Бексултан Жакиев, "Атанын тагдыры"), Плетнов (Н. Анкилов, "Жоокердин жесири"), хандын ролу (Б. Үсөнкулов, "Карагайлуу булак"), Гани-бай-аке (Сайд Ахмат), Инзин (Бакы Өмүралиев, "Найман эне"), Барпы (Муктар Борбугулов, "Барпы") жана башка образдарды элине тартуулаган.
Ал "Махабат жаңырыгы", "Уркуя", "Айсулуунун талаасы", "Мен — Тянь-Шань", "Эски тегирмен", "Ээн калган өрөөн" фильмдерине тартылган.
— Актёрдун балалыгы согуш жылдарына туура келип жатат. Сиз тууганы катары ал кезди жакшы билсеңиз керек?
Турарбек Рыскулов: — Бакирдин Алиевди эстегенде көп нерсе эске түшөт. Киндик каны жер — Суусамыр. Кожомкул балбандын айылында чоңойгон. Атасы Аалы да комуз чертип эл арасына таанылып калган адам экен. Бакирдин аганын кудай берген таланты да ошол кичинесинде эле байкалыптыр. Мектептен эле согуш убагында комузду колуна алып фронт тууралуу ырдаганда кээ бирлер угуп отуруп көзүнө жаш алчу дешет. 1941-жылы согуштун убагы, Суусамырга Калык Акиев келип калат. Меймандар алгач Кожомкул атабыз менен учурашып, анан калган иштерин бүтүрчү экен. Калык аксакал да Кожомкулдукуна келип, мурунтан тааныш Аалы ата экөө отурганда "ээ Калыке, менин уулум да колуна комуз алып ырдап калат. Таланты барбы же жөн эле ырдап калабы, бир байкачы" дейт. Ошондо 5-6-класста окуган Бакирдинди чакырып, ал тепейип отура калып согушка кеткен Сагыналы агасына арнап ырдайт. Анан Калык "бул баладан бир нерсе чыгат, таланттуу адамдарга кошуп койгула" дейт. Кара жаак акын Калыктын баасын алыптыр. Кийин окууну бүтүп Ташкенттеги театралдык окуу жайда окуган. Алгач барганда тыртайган арык баланы өткөрбөй коюшат. Себеби артисттикке өң-келбет да каралат эмеспи. Өтпөй калып коридордо ыйлап турса Фаттахов деген мугалим "ай, бала, эмне турасың?" деп сурайт, өтпөй калганын айтып көзү жашылданат. Анан ал директорго жетелеп барып, бул баладан бир нерсе чыгарын айтып жарым жылга сыноого алышат. Ошентип кийинки сынакта "беш" менен өтүп кетет. Ал убакта театралдык институтта эки жылга чейин сыначу, эч нерсе чыкпаса анан "кой" деп кетирчү.
Бакирдин абам 7-классында Кожомкул балбандын колунан сыйлык алганын айтып мактанып калчу эле. Бир жолу майрамда ырдап жатса беш рубль бериптир. Ал убакта чоң акча болчу да. Анан да кичинесинде Чүй деген сонун жер деп угуп, баргысы келе берчү экен. Кийин 8-классында Калинин районундагы Сары-Булак айылында эжесинин үйүндө окуп жүрүп, анан Ташкентке кетиптир.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёрдун кесиптеши, тууганы Турарбек Рыскулов
— Сиздер театралдык окуу жайдан таанышкансыздарбы?
Кеңеш Курманалиева: — Биз Жалал-Абаддан тааныштык. Мен 1-классымда бутум катуу ооруп, баспай жатып калдым. Ошентип мектепке бара албай үч жыл үйдө отурдум. "Доктурга барса чолок кылып коюшат" деп бир табып абышка дарылаган. Үч жылдан кийин бутумдан бир чара ириң алышты. Акырындан балдак менен басып, ошентип жүрүп бутума тургам. Ошондогу сыздаган оорудан улам күндүр-түндүр онтоп уктачу эмесмин. Кудайга шүгүр, кийин бутум какыс айыгып, басып кеттим. Анан мектепке барсам классташтарым чоңоюп кетип, мени жөжөдөй болгон 1-класстын балдарына кошуп коюшту. Намыстанып, өзүмө-өзүм чоң көрүнүп окубай койдум. Баары эле "окуп ал" дешти. Бирок болбой койгонума өкүнүп калдым. Кийин директор менен мугалимдер кеңешип, "өзү жакшы окуган тырышчаак кыз эле" деп 8-классты бүттү деген күбөлүк беришти. Ал кезде элдин пейили да башка эле.
— Анан театрга кандайча келип калдыңыз?
К.К.: — Менин чоң атам бай болгондуктан төрт аял алыптыр. Анын бир баласы Дилдебек Черикчиев жакшы чыгып, "Манас" колхозунда башкы бухгалтер болуп иштейт. Артисттин баары эле ошого келет. Айылдын борборунда радио болор эле, ал саат төрттө башталып, Мыскалдын (Өмүрканова — ред.) гана ырларын берчү. Ошондо жүгүрүп келип улам эки куплеттен жаттап алам. Бир ирет Райкан Шүкүрбеков менен Мыскал Өмүрканова мейманга келип, мени экөөнүн ортосуна отургузуп койгон агам "ушул менин карындашым, үнү жакшы, артист болом дейт" деди. Анан жаттап алган Мыскалдын ырын ырдап берсем эле ал "оо, айланайын, мендей ырдайт турбайсыңбы, окууну бүт, анан окуучу кылып алам" деген. Бирок барган жокмун. Ошону менен кийин Капар Медетбеков жакшы ырдаган кыздарды издеп Таласка келип, Бишкектеги кароого 12 бала менен барып калдым. Нарындан Сагийпа Чечейбаева, Көлдөн Гүлжан Сейткулова, Таластан мен чыктым. Ошентип концерт бердик. Кийин кайтып келип таланттуу балдар Таласта да концерт берип жүргөндө Капар Медетбеков, бир тууган жеңемдин иниси Эрменбек Токтогулов Ташкенттен окуусун бүтүп келип калышты. Жалал-Абаддагы драма театрга ырчы кыздар керек экен. Сынак өткөрүп жакшы ырдаган үч кызды тандап алышты. Арасында мен да бармын. Бирок апам жибергиси келбей аябай каршы болду. Себеби төрт кызынын ичинен аман калганы мен болчумун. Анан жалгыз кызын жибергиси келбейт да. "Айылда калганда эми күйөөгө берем деп чыгасың, өзүмдүн билимим жок болсо пол жуугуч же саанчы боломбу? Жок, кетем" деп туруп алдым. Акыры айласы кеткенде "артисттериң аракты көп ичет экен, ага жолобойсуң. Мен баланын азабын көп тарттым, кийин боюңдан такыр алдырбай төрөйсүң" деп мага эки шарт койду. Аны аткарсам жибермек. Макул болдум. Ошентип Жалал-Абадга барып, кудам Эрменбек Токтогуловдун үйүндө туруп калдым. Ал жакта Бакирдин да жашайт экен. Ошол жерден таанышып калганбыз.
Кыргыз эл артисти, кино жана театр актёру Бакирдин Алиев кесиптештери менен
© Фото / из семейного архива Алиевых
Бакирдин ал кезде театрда иштеген эсепчи кызды алам деп жүрүптүр, бирок ал кызды башкалар "бул 4-5 айлап командировкалап кетет. Анан ушуну күтүп жүрөсүңбү" деп айнытып коёт. Ошентип күндө концерт. Мен аларды "байке" деп чогуу жүрөбүз. Бир күнү бирөө "сен ырдаганда эле Бакирдин сахнанын артында телмирип тиктеп турат" дегенинен аны жактырбай урушуп койдум. Анан гастролго чыкканда бир мүшөккө кийимдерибизди, бирөөнө бут кийимдерибизди салабыз. Тууганбай (Тууганбай Абдиев — ред.) барган жерде эле бут кийимдеримди алып чыгып тазалап, дубалга мык кагып, кийимдеримди илип жүрдү. Ошонун баарын Бакирдин да байкайт. Рыспай Абдыкадыров да бар. Баарыбызды чогуу Жалал-Абад драма театрына жумушка алып, 5-6 сом айлык коюп берген. Өзүм кийсе кийим жарашкан, чачым жер чийген телегейи тегиздей жүргөн кезим. Ал учурда кыздар-балдар бири-бирибизден уялчубуз. Толтура кат келет. Жооп бермей жок. Ошентип жүрүп кудай акыл берген го, "өзүм окубасам, Тууганбай да окубаса, кой, мен окуган немеге турмушка чыгайын" деп ойлондум. Бирок унчукпайбыз. Айлык алган күнү Эрменбектин үйрөтүүсү менен Бакирдин артисттердин баарын "Кеңеш экөөбүз үйлөнгөнбүз. Ушул айлыкты эле күтүп жатканбыз" деп ресторанда коноктоптур. Аны билбей эле Эрменбектин карындашы менен базар кыдырып үтүк, идиш-аяк сатып келсем эле бурчта эт кайнап жатат. Ал кезде Эрменбектин апасы, үй-бүлөсү, Бакирдин, анан мен болуп өзбек молдонукунда батирде турчубуз. Ошол күнү эле апабыз молдо чакырып, никебизди кыйып койду. Ошентип үйлөнүп калганбыз.
— Кенедейиңерден баш кошуп, кыйынчылык менен бакубат жашоону да бирге көрүп калган турбайсыздарбы?
— Ооба, мени Эрменбектин апасы эле көндүрүп, баш коштуруп койгон. Көп өтпөй өзүнчө батир жалдап, томпоңдоп бөлүнүп кеттик. Кыш жакындап 1,5 тонна көмүр түшүргөнүбүз эле эсимден кетпейт. Байкуш абышкам арык тыртайган. Анан тиги көмүрдү карап "үч күндө араң ташып киргизебиз го" деп ойлоптур. Экөөлөп ташып, ошол күнү эле киргизип койгонбуз. Ошондо абышкам "оо-й, азамат, Боча!" деген. Ошондон кийин эле өмүр бою "сен" деп атымдан да айткан жок, Боча атыктым да калдым. Бир урушуп көңүлүмдү оорутпады. Касиеттүү Жалал-Абаддан Жалалбек, Майрамбек, Мырзабек деген үч уулдуу болдук.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёрдун жубайы Кеңеш Курманалиева
— Суусамырга бардыңыздарбы?
К.К.: — Биринчи балам төрөлгөндө эле бардык. Алгач Бишкекке учак менен келип, Тешкен тоонун (Ош — Бишкек жолундагы тоннель — ред.) жүк унаасына отуруп, үйгө араң жеттик. Ал убакта элдин баары эле начар жашачу. Турмушу оор эле. Байкуш кайнатамдын эки көзү чылпактап ооруп, Чүйгө жете албай куураптыр. Үч самоорду кайнатып, боорсокторун жасап күтүп турушкан экен. Бакирдин айткандыктан түштүктүн жаңгак, мейиз, өрүк сыяктуу жемиштеринен көп алгам. Санасам баш-аягы ар кайсы колотто жети эле түтүн бар экен. Жаныма пенициллин, медициналык бинт сала баргам. Анан кайнап турган сууга аралаштырып кайнатамдын көзүн үч маал сүрттүм. Эртеси эле көзү ачылып көрүп калыптыр. Байкуш кайнатам "Чүйгө жете албай отурдум эле. Мына, балдарым келип келиним көзүмдү айыктырып койду" деп элдин баарына айтты (күлүп).
— Канча баланы тарбиялап өстүрдүңүздөр?
К.К.: — Кайнагам төрт кыздуу болгон экен. Эркек балалуу боло албай жүрүптүр. Анан Майрамбегимди "мага бергиле, уулдуу болсом кийин берем. Болбосо, менин балам болот" дегенде кантип "жок" демек элем, бердим. Ал да бир кызын мага берди. Багып алдым. Өзүм төрт уул, бир кыз төрөдүм. Кийин уулдуу болгондо баламды берди. 1-классты Нарындан окуттум. Бирок Майрамбек "мени берип койгонсуңар" деп таарынып, ушуга чейин катташпай жүрөт. Төртүнчү уулумдун аты — Анвар. Кызым Салтанат атасы көзү жакшы көрбөй калганда да жакшы бакты. "Мен багайын" десем, "жок, апа, экөөң тең үйдө отуруп калсаңар кандай болот" деп болбой койду. Өзү орус тили мугалими болчу. Азыр сылап-сыйпап мени багып отурат. Кызымдын уулу да үйлөнүп, бала-чакалуу болгон. Кудайга шүгүр!
— Бакирдин атабыз бир чети сиздин өкүл атаңыз болгон экен ээ?
Т.Р.: — Ооба, мен да Ташкенттеги театралдык окуу жайды бүтүп келип Нарынга туруп калдым. Эч кимди тааныбайм. Анан бир жолу байкем менен таанышып, сүйлөшүп отуруп жердеш, тууган болуп чыга келдик. Абдан сүйүндүм. Ал кезде Нарын театрында иштеп жүргөн кези. Абдан меймандос, маданияттуу, кичи пейил киши экен. Мамлекет батир бергиче жеңем Жалал-Абаддан келе элек болчу. Анан эле "ээ, азабың тарттым ак кейиш" деп элди күлдүрүп ырдап калат. Ошентип бир күнү репитиция учурунда байкем "жеңең келди, бар, учураш" деп калды. Дароо барсам эле жеңем кир жууп жатыптыр. "Мен Бакирдин абамдын иниси болом" десем, "оо, кел" деп жаркылдап тосуп алды. Абдан жароокер, меймандос киши экен. Көргөндө эле мага жакты. Ошол жерде кийин жубайым болуп чогуу да туруп калдык.
Бакирдин Алиевди көп кырдуу актёр дешет. Бир туруп Шекспирде Яго, кайра Хлестаков, бир туруп "Атанын тагдырындагы" Акылбек же "Миң кыялда" Токтогул. Ар бир эле актёр мындай көп кырдуу, ар пландуу боло албайт.
© Фото / из семейного архива Алиевых
— Чыгармачылыгы тууралуу эмне айтасыз?
Т.Р.: — Бакирдин Алиевди көп кырдуу актёр дешет. Диапазону кенен. 17 жыл чогуу иштешип, Нарында бирге жүрдүк. Анан мен бул жакка которулуп келдим. Бизде артистке да мүнөздөмө берилет. Бул киши ар кандай ролдорду ойноду. Бир туруп Шекспирде Яго, кайра Хлестаков, бир туруп "Атанын тагдырындагы" Акылбек же "Миң кыялда" Токтогул. Ар бир эле актёр мындай көп кырдуу, ар пландуу боло албайт. Мисалы, Яго менен Акылбекти салыштырып болбойт да. Айырмасы асман менен жердей. Адам катары да ичи тардык, көрө албастык дегенди билчү эмес. Чыгармачылыкка мамилеси да укмуш болчу. Беш жыл окуганыбыз менен билим алуу башка, ал эми театр деген такыр бөлөк болот экен. Алган билимди ошол өндүрүштө көргөзүү керек. Роль ойноо, текстке мамиле кылуу жаатында педагогдук да таланты бар болчу. Көп жаштарга да акыл-насаатын айтып, үйрөтүп калды. Абдан сыйлачубуз. Андан тышкары, бул киши коомдук ишмер. Облустук, шаардык кеңештерге ар дайым депутат болуп шайланчу. Абамдын көзү өтүп кетсе да жасаган иштери, мамилеси, адамкерчилиги биздин эсибизде калды.