Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

А.Жапаров Баткенде чек арага чектеш үйлөрдүн кандай салынып жатканын көрдү. Сүрөт

Жапаров курулуш иштери өз убагында жана сапаттуу жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенге болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө чек ара окуясында жабыркаган турак жай жана социалдык объектилердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенге болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө чек ара окуясында жабыркаган турак жай жана социалдык объектилердин курулушу менен таанышты

2 / 6

Жапаров Баткен районунун Капчыгай, Самаркандек жана Достук айылдарына барган

3 / 6

Ал курулуш иштери өз убагында жана сапаттуу жүргүзүлүшү керектигин, үйлөрдү жылуулук жана башка зарыл шарттар менен камсыздоо шарт экенин белгиледи

4 / 6

Билдирмеде айтылгандай, Ак-Сай айылында 275 орундуу, Капчыгайда 100 орундуу, Достукта 100 орундуу мектеп жана фельдшердик-акушердик пункт менен 30 орундуу бала бакча курулат

5 / 6

Социалдык объектилер Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) долбоорунун алкагында курулат

6 / 6

Жапаров Самаркандек айылындагы мектептин жана 75 койкалуу оорукананын курулушун көргөн. Медициналык жай 2023-жылы жазда салынып бүтөт.

Жапаров Баткен районунун Капчыгай, Самаркандек жана Достук айылдарына барган. Ал курулуш иштери өз убагында жана сапаттуу жүргүзүлүшү керектигин, үйлөрдү жылуулук жана башка зарыл шарттар менен камсыздоо шарт экенин белгиледи.
Билдирмеде айтылгандай, Ак-Сай айылында 275 орундуу, Капчыгайда 100 орундуу, Достукта 100 орундуу мектеп жана фельдшердик-акушердик пункт менен 30 орундуу бала бакча курулат. Социалдык объектилер Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) долбоорунун алкагында курулат.
Жапаров Самаркандек айылындагы мектептин жана 75 койкалуу оорукананын курулушун көргөн. Медициналык жай 2023-жылы жазда салынып бүтөт.
Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасы курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен кеңешме өткөргөн.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстандын кол салуусунан талкаланган Максаттагы милиция бөлүмү, ФАП оңдолду. Сүрөт