Президент айыл өкмөт башчыларын жана жергиликтүү жамаатты куттуктады

Президент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик башкаруунун ажырагыс бөлүгү экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жамаат мүчөлөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады.
Президент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик башкаруунун ажырагыс бөлүгү экенин белгилеп, жер-жерлердеги маанилүү социалдык, экономикалык, маданий өзгөрүүлөр аталган адамдардын катышуусу менен болуп жатканын кошумчалаган.
"Сиздердин күнү-түнү тыным албаган эмгегиңиздер элибиздин бакубат турмушта жашоосуна багытталары жалпыга жакшы маалым. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасы көп баскычтуу процесс жана бүгүнкү күндө ал улантылууда. Аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында тиешелүү мыйзамдар кабыл алынды. Анын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, каржылык өз алдынчалыкты жана кадрдык потенциалды бекемдөө боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле муниципалдык кадрлар резерви түзүлүп, ага сынактык негизде билимдүү, келечектүү, кесипкөй адистер тандалып алынууда", — деген Жапаров.
Сөз соңунда президент кесип ээлерине чың ден соолук, бакубат жашоо тилеп, эл турмушун жакшыртууга багытталган ишинин үзүрүн көрүүнү каалаган.
Жапаров автотранспорт жана жол чарба кызматкерлерин куттуктап, пландарын айтты