31-октябрга карата аба ырайы

31-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +11...+16, Ысык-Көл облусунда +8...+13, Нарында +5...+10 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +12...+14, Ош шаарында +14...+16 градусту көрсөтөрүн айтышты.
Келерки жумада Баткенде аба ырайы кандай болору айтылды