Күздүн илеби кайтабы? Таласта бир жумага карата аба ырайы

Облустун тоолуу райондорунда айрым күндөрү кар жаашы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги маалымдагандай, Талас облусунда жуманын басымдуу бөлүгүндө күн ачык болот.
30-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
31-октябрь жана 1-2-ноябрь күндөрү күн ачык болот.
3-ноябрда кайрадан айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
4-ноябрда дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Ноябрь ичинде Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу