Садыр Жапаров БАЭге иш сапары менен барат

Мамлекет жетекчиси аталган өлкөдө эки күн болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 30-октябрда расмий сапар менен Бириккен Араб Эмирлигине жол тартат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Анын алкагында Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоого багытталган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган. Пайдалуу кызматташтыктын бардык чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында бир катар документтерге кол коюу мерчемделүүдө.
Сапар 1-ноябрда аяктайт.
Алака бекемделет. Садыр Жапаровдун Астанада Токаев менен жолуккан видеосу