Кытайлык изилдөөчү: АКШ саясатынан баш тарткан өлкөлөр көбөйүп келе жатат

Путин мындай кадамдар кадыресе көрүнүшкө айланганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. АКШнын үстөмдүгүнөн баш тартууга ыктоо эл аралык саясатта өлкөлөрдүн өсүп-жетилгендигинин белгиси болуп калды. Бул тууралуу Кытайдын Жэньминь университетинин Каржылык изилдөөлөр институтунун изилдөөчүсү Цзя Минь Владимир Путиндин "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүнө комментарий берип жатып айтты. Анын пикирин РИА Новости жазды.
Путин анда АКШнын саясатын мамлекеттер четке кагып жатканын, бул кадыресе көрүнүшкө айланганын айткан.
"Путин татаалыраак интернационалисттик көз карашты сунуштап жатат. Ал "ооба, улуу державалар маанилүү ролду ойношу керек, бирок алар да өз бийлигинин чегин так билиши зарыл" деп эсептейт. Бул абдан туура", — деп кошумчалады эксперт.
Ошондой эле ал ири державалардын ортосунда чыр-чатактар жана карама-каршылыктар сөзсүз болорун, эң башкысы аларды көзөмөлдөй билүү, башкара билүү, компромисстерди издөө керектигин кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Өз-өзүнчө болгон мамлекет түптөгүсү келген. АКШнын Россия боюнча планы тууралуу