"Хирургияны медицинанын падышасы деп айтышат. Мен хирургиянын падышасы — нейрохирургия деп коём", — деди Мамытов мээнин түзүлүшү, аны менен иштөө тууралуу айтып жатып. Маектеш алгач бала чагына токтолду.
"Мен негизинен апамдын тарбиясында өстүм, эне деген өзүнчө бир чоң нерсе го, анын мага эң чоң таасири 7-класста окуп жатканда болгон. Бир байыраак тууганыбыз бар эле, ошол киши апама "балаңды бер, жылына бир эчки же бир кой берем" деген. Ал убакта бир кой дагы чоң байлык болсо керек. Апам окуйт деп мени ага бербей койгон", — деген нейрохирург атасы согушка кетип кайтпаганын, аны тааныбай калганын белгиледи.
Андан соң нейрохирург тагдыр аны кандайча медицинага жетелеп келгенин баяндады. Мектептен кийин айдоочулук курсуна тапшырган. Бирок эки аптадан кийин ал курс жабылып, жакын жайгашкан медициналык колледжге окууга кирет. Бул жерде ал өзүнүн чоң жөндөм-аракетин көрсөткөндүктөн жетекчилери борбордогу медициналык институтка жөнөтүшкөн.
Миталип Мамытов эмгек жолунда 15 миңден ашык адамдын мээсине операция жасаган.
Мээ адамдагы эң назик орган, андагы операция чоң кылдаттыкты, так чечимди, чеберчиликти талап кыларын айткан нейрохирург кесибиндеги кызыктуу учурлары тууралуу айтып берди.
Тема боюнча: