Радио

Казакунова: өлкөдө мектеп курагындагы майыптардын 70%ы окубайт

"Равенство" коомдук бирикмесинин төрайымы Гүлмира Казакунова өлкөдө майып балдардын билим алуусу оор болуп жатканын айтты.
Sputnik
Республикада ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жалпы саны 35 миң болсо, алардын 40 пайызы 18 жашка чейинкилер. Башкача айтканда, билим алууга муктаж курактагылар. Бул тууралуу Гүлмира Казакунова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мектеп курагындагы майып балдардын 70 пайызынын жалпы билим берүүчү мектептерде окууга мүмкүнчүлүгү жок.
"Мамлекет жана коом майыптыгы бар адамдарга көз карашын өзгөртүүсү зарыл. Ушул күнгө чейин майып балдарга кайрымдуулук, оорукчан кишиге мамиле кылуу көз карашы калыптанып калган. Ал тургай мамлекеттик саясат да ушул өңүттө жүргүзүлөт. Башкача айтканда, майып балдардын кийими бүтүн, курсагы ток болсо болду дегендей. Жок! Биз аларга социалдык көз карашты калыптандырышыбыз керек. Болгону бизден өзгөчө адамдар, айрым бир шарттарга муктаж, бирок булар да окуп, билим алып, коомдун жашоосуна толук аралашууга укуктуу деген пикирди түзүү зарыл. Учурда республикада 18 жашка чейинки майып балдардын 70 пайызы жалпы билим берүүчү мектептерден окуй албайт. Анын биринчи себеби ошол балага камкордук көрүүдөгү каражат көйгөйү, экинчиден, айрым ата-энелер өздөрү да кайдыгер карашат, үчүнчүдөн, мектеп мугалимдери ошол балдар менен иштешүүгө даяр эмес. Бул башкы маселелер. Мындан сырткары, коомдун кабыл алуусу, мектептерде шарттын жоктугу, коомдук транспорттогу кыйынчылыктар, мектеп программасынын ылайыкташпагандыгы, адабияттардын тартыштыгы, мугалимдердин майып балдар менен иштеше турган жардамчыларынын болбогондугу жана башка ушул сыяктуу көйгөйлөрү кирет", — деди Казакунова.
Ал орто билим берүүчү мектептерде инклюзивдик билим берүү деп түзүлүп жаткан шарттар толугу менен майып балдарга ылайыкташпастан жөн гана билим берүүнү интеграциялаган кадамдар болуп жатканын кошумчалады.