Өлкөдө айрым курактагы жаштардын саны азайды. Статистика

Беш жашка чейинки балдар 2017-жылы жалпы калктын санынын 12,4 пайызын түзсө, 2022-жылдын башында бул көрсөткүч 11,8 пайызга түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстанда соңку беш жыл ичинде жаш курак боюнча айрым категориядагы жаштардын саны азайып кетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мисалы, беш жашка чейинки балдар 2017-жылы жалпы калктын санынын 12,4 пайызын түзсө, 2022-жылдын башында бул көрсөткүч 11,8 пайызга түшкөн.
"18‒19, 20‒24 жана 25‒29 жаштагылардын арасында дагы калктын саны төмөндөдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми 5‒9 (11 пайыздан 11,5 пайызга чейин) жана 10‒14 (8,9 пайыздан 9,8 пайызга чейин) жаштагылар арасында балдар көбөйдү.
Ошол эле учурда 40 жана 80 жаштан кийинки аялдардын саны эркектердикинен дээрлик эки эсеге жогорулаган. Буга эркектер арасында өлүмдүн саны жогору болушу себепкер.
Кыргызстан карылыктын босогосунда турат. Статком себебин түшүндүрдү