Радио

Огомбаев: унаанын көптүгүнөн троллейбус айдоо кыйын болуп баратат

"Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын айдоочусу Мирлан Огомбаев мэрия уюштурган сынакта "мыкты троллейбус айдоочусу" аталганын айтты.
Sputnik
Борбор калаада троллейбус айдаганына төрт жылдын жүзү болгон Мирлан Огомбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде бардык транспортту айдай аларын билдирди.
Анын айтымында, башкармалыкта жетинчи маршруттун бригадири болуп шайланган.
"Жаш кезимден эле техникага жакын өстүм. Себеби атам ушул тармакта иштеген. Буга чейин бардык транспорттун түрүн айдап иштедим. Айдабаган эле троллейбус калыптыр. Ошол себептен 20-лицейде окуп, 28 жашымдан баштап троллейбус айдоочусу болуп иштеп келе жатам. Жумушум өзүмө жагат. Чыдамкайлыкты, жоопкерчиликти талап кылган иште ар кандай окуяларга туш болобуз. Бир күнү маанайыбыз көтөрүлсө, бир күнү маанайыбыз чөгөт. Ар кандай жүргүнчүлөр түшөт. Бирок жүргүнчүлөрдүн маданияты өстү. Жакында эле биздин башкармалык мэрия менен биргеликте сынак уюштурду. Ага 14 айдоочу катышып, биринчи орунга ээ болдум. Өткөн жылы дагы ушул сынакка катышып үчүнчү орунду алган элем. Мелдештер башкармалыктын автобазасынын полигонунда өттү. Сынак эки этап менен жүрдү. Биринчи бөлүктө жол эрежесин, кызматтык нускамаларды жана техникалык маселелерди билүү боюнча тест тапшырдык. Теориялык негиздерден өткөндөн кийин тосмо жолдон троллейбусту айдоо чеберчилигибизди көрсөттүк. Менин оюмча, мындай иш-чаралар айдоочулардын кесиптик чеберчилигин дагы да жогорулатууга жардам берет", — деди Огомбаев.
Ал шаардын көчөлөрүнө унаалар батпай калгандыктан троллейбусту башкаруу оорлоп баратканын кошумчалады.
28-октябрда Кыргызстанда автотранспорт жана жол кызматкерлеринин күнү белгиленди.