Баткенде Исхак Раззаковго айкел тургузулду

Жапаров мамлекеттик ишмердин масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга кошкон баа жеткис салымын баса белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Баткендин Раззаков шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер, КР Баатыры Исхак Раззаковдун эстелиги ачылды. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышканын өкмөттөн билдирди.
1 / 4

Баткендин Раззаков шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер, КР Баатыры Исхак Раззаковдун эстелиги ачылды.

2 / 4

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышканын өкмөттөн билдирди.

3 / 4

Жапаров мамлекеттик ишмердин масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга кошкон баа жеткис салымын баса белгиледи. Кеп Чоң Чүй каналынын курулушу, анда суу кампаларды жана дамба куруу, Үч-Коргон ГЭСи тууралуу болуп жатат.

4 / 4

Ал Исхак Раззаков өзбек элине советтик жетекчи катары кызмат кылганын, экономика, мамлекеттик пландоо, билим берүү тармагында иштегенин белгиледи.

"Ошондой эле 1951-1955-жылдарда республикада 48 жаңы өнөр жай ишканалары ишке киргизилген. Мисалы, Фрунзедеги жип ийрүү-токуу фабрикасы, Аламүдүн ГЭСи, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларындагы кирпич заводдору, Кыргызстандын тоо-кен комбинаты, Кара-Суу май комбинаты, Токтогул ГЭСинин долбоору, Орто-Токой, Наманган, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтар сыяктуу ири объектилер курулган", — деди өкмөт башчы.
Ал Исхак Раззаков өзбек элине советтик жетекчи катары кызмат кылганын, экономика, мамлекеттик пландоо, билим берүү тармагында иштегенин белгиледи.
"Биздин Өзбекстан менен жакшы мамилебиз бар, туризм өнүгүп жатат. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктап калды", — деп кошумчалады Жапаров.
Мурдагы Исфана шаары ушул жылдын март айында Раззаковдун ысымын алган.
Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды. Сүрөт