БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы бардык билим берүү мекемелерине видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан билдирди.
Билдирмеде айтылгандай, учурда шаардагы мектептерде коопсуздук баскычтарын орнотуу иштери активдүү улантылууда.
"2022-2023-окуу жылында Бишкектеги Ленин, Биринчи май жана Свердлов райондорундагы билим берүү мекемелеринде Ички иштер министрлигинин коопсуздук кызматынын борбордук мониторингине туташтырылган коопсуздук кнопкалары орнотулду. Октябрь районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарында коопсуздук баскычын орнотуу 2023-жылга пландалууда", — деп жазылат маалыматта.
Мэрия балдардын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун коргоо максатында билим берүү мекемелеринин босогосуна көзөмөл-өткөрүү режиминин жабдуулары да орнотулганын кошумчалады.
"Келишимдин негизинде мектептерде жеке күзөт агенттиктери иштейт. 2022-2023-окуу жылында 62 мектепте күзөт агенттиктери, 35 мектепте күндүзгү жана түнкү күзөтчүлөр иштеп жатат", — деди муниципалитеттен.