Кыргыз-тажик чек арасында Баткен менен Исфаранын акимдери жолукту

Район башчылары Кара-Бак жана Ляккон айылы менен чектешкен аймакта эки элди ынтымакташтырууну сүйлөшүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган делегация Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген делегация менен жолукту. Бул тууралуу Баткен райондук администрациясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жолугушуу Кара-Бак айылынын Ляккон айылы менен чектешкен жеринде өттү.
"Жолугушууда чек ара аймактарында коомдук-саясий абалды турукташтыруу, чыр-чатактардын алдын алуу, чарбалык-ирригациялык иштерди жөндөө, эки элдин ортосундагы ынтымакты калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо, турак жайларды, социалдык объектилерди талап-тоноочулукка жол бербөө, өрт кырсыктарынын алдын алуу маселелери каралды", — деди райондук администрациядан.
Мындан сырткары, маалыматта түрдүү чагымчыл чакырыктарга азгырылбоо тууралуу сүйлөшүүлөр болгону кошумчаланды. Анда тараптар эки элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда туруктуулукту сактоону сүйлөшкөн.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтары биргелешкен билдирүү таратты