АКШлык экономист үчүнчү дүйнөлүк согуш башталганын жар салды

Нуриэль Рубини 2008-жылдагы экономикалык кризисти алдын ала айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. - Sputnik. 2008-жылдагы кризисти алдын ала айткан америкалык экономист Нуриэль Рубини үчүнчү дүйнөлүк согуш башталганын билдирди. Бул тууралуу анын Spiegel журналына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Улуттук коопсуздук кеңешчилери НАТОнун Украинадагы чыр-чатакка кийлигишип жатканына тынчсызданууда. Иран менен Израилдин ортосунда кескин пикир келишпестиктер бар. Ал эми Байдендин администрациясы Кытай Тайванга жакында кол салат деп күтүп жатканын уктум. Чынын айтсам, үчүнчү дүйнөлүк согуш башталды, ал кибермейкиндикте жана Украинада жүрүп жатат", — деди адис.
Ал евроаймактын "рецессияга" кабылганын, Улуу Британияда абал андан да начар экенин кошумчалады.
"АКШ Кытай менен экономикалык өз ара кызматташуу маселесинде Европага кысым көрсөтүп жатат. Ошондой эле кытай юаны доллардын ордун баса турчудай болуп калды", — деди ал.
Эске салсак, 24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча аскердик атайын операция жүргүзүүдө.
МАГАТЭ: АКШ өзөктүк технологияда лидерлик позициясын жоготту