7 миллионунчу бөбөк менен удаа төрөлгөн Даткайымдын ата-энеси 200 миң сом алды

Жаш жубайлар жана алардын ата-энеси мамлекет башчысынын белеги күтүүсүз болгонун айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жети миллионунчу наристе Жакшылык менен удаа Нарын облусунда жарыкка келген Даткайымга мамлекет тарабынан 200 миң сом сүйүнчү акчасы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Эске салсак, Бишкек жана башка аймакта жети миллионунчу жаран менен бир убакта төрөлгөн жети бөбөктүн ата-энесине да 200 миң сомдон берилери айтылган.
1 / 2

Жети миллионунчу наристе Жакшылык менен удаа Нарын облусунда жарыкка келген Даткайымга мамлекет тарабынан 200 миң сом сүйүнчү акчасы тапшырылды

2 / 2

Эске салсак, Бишкек жана башка аймакта жети миллионунчу жаран менен бир убакта төрөлгөн жети бөбөктүн ата-энесине да 200 миң сомдон берилери айтылган

Нарын районунун Эмгекчил айылынын тургундары Бектемир Өмүргазиев менен Чынарбек кызы Элнура дагы ошол күнү, 19-ноябрда, кыздуу болуп, атын Даткайым коюшкан.
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун аманатын тапшырган президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова Даткайымдын жарык дүйнөгө келиши кыргыз элине кубаныч тартуулаганын айтып, кичинекейге узун өмүр, бактылуу келечек каалады. Ошондой эле жаш жубайларга облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун саламын жолдоп, 10 миң сом өлчөмүндөгү сүйүнчү акчасын берди.
Жаш жубайлар жана алардын ата-энеси мамлекет башчынын белеги күтүүсүз болгонун айтышкан.
Жапаровдун жети миллионунчу бөбөктүн энесин куттуктаган видеосу