Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мамдума депутаты: Зеленский кайда качарын ойлоно берсе болот

Киевдин Зеленский башында турганы режими эми Батышка кереги жок болуп калары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин саясатчы катары саналуу гана күндөрү калды, кайда качарын ойлоно бериши керек. Бул тууралуу РИА Новостиге РФ Мамдумасынын депутаты Михаил Шеремет билдирген.
Анын ою боюнча, жакынкы айларда дүйнөдө саясий күчтөрдүн арасында олуттуу өзгөрүүлөр болот.
"Киевдин кылмыштуу режими Батыштагы кожоюндарына эми кереги жок болуп калат", — деген депутат.
2022-жылдын 24-февралынан бери Украинада атайын аскердик операция өтүүдө. Куралдуу күчтөрдүн алдына Донбассты бошотуп, Россиянын коосуздугуна кепилдик берүү тапшырмасы коюлган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинадагы азыркы кырдаалга Россия эмес, Батыш күнөөлүү