Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын аскер күчтөрүнүн согуштук кылмыштары. Видеоинфографика

Украинада атайын операция башталгандан кийин Украинанын аскер күчтөрү тарабынан жасалган аскердик кылмыштар тууралуу көп айтыла баштады.
Sputnik
Sputnik мындай бир нече учурларды тизмектеп, ал тургай ошол оор кылмышты жасагандардын эмне деп айтып бергендерин окурмандарга жеткирүүнү эп көрдү.
Жалданган чет элдик Бенджамин Велкро эч нерсесин жаап-жашырбай, Украинадагы россиялык туткундарга жасалган мыкаачылыкты баяндаган.
"Ал он сегиздер чамасында болчу, ким билет. Биз аны өтө кыйнадык. Согончогун кесип, Северский Донец дарыясы менен сүзүп өткөнгө мажбурлаганбыз, акырында ал сууга чөгүп кетти", — деген ал.
Негизи дүйнө боюнча туткундарга катуу мамиле жасагандык аскердик кылмыш деп эсептелет.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин операция "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Президенттин айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.