Украинанын күч түзүмдөрү Днепропетровскиде жайгашкан "Запад-1" лагеринде кармалган туткундарды кордоп келет. Бул тууралуу РИА Новостиге туткундан бошотулган донецкилик жоокер Владислав Егильницкий айтып берген.
"Кыйла эле кордошту... Аба чабуулу тууралуу айгай салынганда элди тизелетип тургузуп коюшчу, болбосо үч-төрт саат гимнди ырдатышчу. Кемсинтишти, мазактап, шылдыңдашты", — деген маектеш.
Егильницкий лагерь жетекчилиги БУУга же "Кызыл чырымга" даттанууга тыюу салып келгенин белгиледи. Мисалы, белгиленгенден көп иштегенин айтып арызданган кишиден улам бүт отрядды 500 жолу отургузуп-тургузуп кыйнашкан.
Туткундардын иш күнү сегиз саат делгени менен администрация лагердин аймагын тазалатып, жаанда чөп чаптырган. Жазалоо камера жетпеген дубалдын түбүндө жүргүзүлгөн.
Егильницкий кармалган "Запад-1" колониясы аскер кызматкерлери гана кармалган биринчи лагерь. Украинанын калган аймагында россиялык аскер туткундары кадимки тергөө абактарында жана түрмөлөрдө кармалып турат.
Тема боюнча: