Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке келди

Өлкө башчы иш сапарынын алкагында Астана шаарында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун 27-октябрда Казакстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров иш сапарынын алкагында Астана шаарында жогорку деңгээлдеги, анын ичинде Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Ошондой эле Садыр Жапаров "Борбор Азия — Европа биримдиги" лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, Кыргызстан Борбор Азия менен Европа биримдигинин ортосундагы аймактар аралык кызматташтыктын кыйла потенциалы бар экенин көрүп тургандыгын белгиледи.
Ушул эле күнү кечинде Жапаров, Токаев жана Мишель Астана шаарында 29-октябрга чейин улана турган Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.
Алака бекемделет. Садыр Жапаровдун Астанада Токаев менен жолуккан видеосу