Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

МАГАТЭ Украинадагы "ыплас бомба" боюнча текшерүүнү качан баштаары айтылды

Жакынкы күндөрү эл аралык агенттиктин эксперттери жолдо бара жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жакын арада МАГАТЭ Украинадагы "ыплас бомба" боюнча текшерүүнү баштаарын агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси билдирди.
Анын айтымына караганда, инспекторлор ушу тапта жолдо.
"Жакынкы бир-эки күн ичинде эксперттер милдетине киришет. Иштетилип жаткан объектилердин биринде сентябрда болгонбуз, эми ал жакка кайрадан барабыз", — деген Гросси журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
МАГАТЭ башчысы инспекторлор адатта байытылган уран, плутоний, торий издешерин айтты.
"Андай болгон учурда белгилүү бир изотоптор — цезий жана стронций эске алынат. Биз башка ишти аткарабыз", — деген башкы директор.
Эскерте кетсек, буга чейин ар кыл өлкөлөрдөгү, ошол эле Украинадагы ишенимдүү маалымат булактарынан Киев режими өз аймагында "ыплас бомба" (күчү анча көп эмес өзөктүк ок-дары) жардыруу менен чагымчылык даярдап жатканы белгилүү болгон.
"Ыплас бомба" радиоактивдүү изотоптор жана жардыруучу зат салынган контейнер сыяктуу келет. Колдонулган учурда контейнер талкаланып, радиоактивдүү зат толкун болуп тарайт. РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, эгер Украина "ыплас бомбаны" жардыра турган болсо, изотоптор атмосферага 1 500 чакырымга чейин тарап, Польшаны каптап калат.
Изотоптордун абага тараганын Европадагы мониторинг жасоо боюнча эл аралык системанын датчиктери сезип, аныктайт. Бул Зеленскийдин офиси күтүп жаткандай, "оңдой берди" болуп калса, Кремлди массалык кыргын салуучу куралды колдонду деп күнөөлөөгө жол ачат.
Мындай ыкмаларды Батыш Сирияда "ак кепкачандар" өкмөттүк аскерлер химиялык куралды колдонду деген пропагандалык роликтерди тартканда колдонгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Батыш Киевдин ыплас чагымчылыгына ишенсе-койсо өзү билет