Каныбек Осмоналиев жети миллионунчу кыргызстандыкка алтын медалын тартуулады. Сүрөт

Кыргызстандын жети миллионунчу жараны 19-октябрда жарыкка келген. Ага президент Садыр Жапаров Жакшылык деген ысым ыйгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Даңазалуу Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев өлкөнүн жети миллионунчу жараны болуп төрөлгөн бөбөккө алтын медалын тартуулады. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен маалымдады.
1 / 3

Даңазалуу Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев өлкөнүн жети миллионунчу жараны болуп төрөлгөн бөбөккө алтын медалын тартуулады

2 / 3

Билдирмеге ылайык, комитеттин 30 жылдыгына карата Каныбек Осмоналиев жана спорттук баяндамачы Кабыл Макешов Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарына барып, жаштарга Олимпиада оюндары, ага катышуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып, жаш муунду спортко чакырган лекцияларды өтүштү

3 / 3

Мындан тышкары, билдирмеде Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун атынан белектер жана сүйүнчү акча тапшырылганы кошумчаланды.

Билдирмеге ылайык, комитеттин 30 жылдыгына карата Каныбек Осмоналиев жана спорттук баяндамачы Кабыл Макешов Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарына барып, жаштарга Олимпиада оюндары, ага катышуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып, жаш муунду спортко чакырган лекцияларды өтүштү.
"Оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев Кызыл-Кыя шаарында өлкөнүн жети миллионунчу жараны төрөлгөн үй-бүлө менен жолугушту. Осмоналиев Жакшылыкка өзүнүн алтын медалын белекке берип, ага чың ден соолук каалап, келечекте өлкөнүн эң алдыңкы спортчуларынан болсун деген тилегин айтты", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, билдирмеде Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун атынан белектер жана сүйүнчү акча тапшырылганы кошумчаланды.
Жети миллионунчу кыргызстандык 16 жылдан кийин 11,5 млн. сом алат