Sputnik агенттигинин атынан жазылып интернетте тараган маалымат — фейк

Соцтармакта тарап жаткан мындай маалыматка Садыр Жапаровдун сүрөтү колдонулган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Интернетте Sputnik Кыргызстан агенттигинин атынан "Ысык-Көл жана Нарын облустары өткөн кылымдын 70-80-жылдары Кытайга өтүп кеткен" деп тарап жаткан маалымат — фейк.
Соцтармакта тарап жаткан мындай маалыматка Садыр Жапаровдун сүрөтү колдонулган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин башкы редактору Эркин Алымбеков мындай кабарды агенттик сайтка дагы, соцтармактардагы баракчаларга дагы жарыялабаганын белгиледи.
"Биз Sputnik агенттигинин атын жамынган бул сыяктуу каралоолор болот деп божомолдоп жатканбыз. Негизги максат — агенттикти элге, өлкө бийлигине жаман көрсөтүү. Алдыда мындай нерселер дагы болсо керек. Ар бирине реакция кылабыз", — деди ал.
Бул фейк! Россия элчилиги интернеттеги маалыматты төгүндөдү