Радио

Жумаков: ЕАЭБде электрондук сооданы өнүктүрүүгө басым жасалат

Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Жылдызбек Жумаков "Электрондук соода жөнүндө" мыйзам натыйжалуулугун көрсөтүп жатканын айтты.
Sputnik
Учурда Евразиялык экономикалык комиссияда электрондук сооданы өнүктүрүү максатында атайын макулдашуу иштелип жатат. Бул тууралуу Жылдызбек Жумаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөргө Кыргызстан электрондук сооданы жакшыртуу үчүн сунуш берип, тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
"Бишкекте 21-октябрда e-Commerce EXPO 2022 электрондук коммерция форуму өттү. Иш-чараны Кыргызстандын Электрондук коммерция ассоциациясы менен Экономика жана коммерция министрлиги уюштуруп, өлкөдөгү электрондук соода рыногунун абалы, артыкчылыктары, көйгөйлөрү талкууланды. Анда ири компаниялардын өкүлдөрү жаңы ыкмалар менен бөлүшүп, ишкерлер үчүн жакшы аянтча болду. Мындан тышкары, министрлик бул тармакты илгерилетүүгө басым жасап, бир топ кадамдарды жасоодо. Алсак, учурда Евразия экономикалык комиссиясында электрондук сооданы өнүктүрүү максатында атайын макулдашуу иштелип жатат. ЕАЭБге мүчө-өлкөлөргө Кыргызстан электрондук сооданы жакшыртуу үчүн сунуш берип, тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Буга чейин "Электрондук соода жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, натыйжалуулугун көрсөтүп жатат", — деди Жумаков.
Ошондой эле адис Кыргызстан онлайн-соода жүргүзүүдө дүйнөдө татыктуу орунга жетиши керектигин кошумчалады.