Бишкекте үлпөт той кортежине 74 миң сом айып салынды. Видео, сүрөт

Жол эрежесин бузган алты автоунаа айып короого токтотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкектин Кайгуул милициясы үлпөт той кортежиндеги автоунаалардын айдоочуларына 74 миң сом айып салды. Бул тууралуу башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жол эрежесин бузган алты автоунаа айып короого токтотулган. Буга чейин социалдык тармакта үлпөт той кортежинин видеосу пайда болгон. Анда айрым машиналар терезесин мыйзамсыз караңгылатып алышкан. Кайгуул милициясы соцтармак колдонуучулары аларга чара көрүүнү суранып кайрылганын кошумчалады.
Маалым болгондой, айдоочулар жасалма номер колдонуп, бейбаштык да кылышкан.
ИИМ айдоочулук күбөлүккө кайталап экзамен тапшырганда акча төлөтүүнү сунуштады