Радио

Энназаров: Бишкекте абаны эмне булгап жатканын аныктоо иштери жүрүүдө

Бишкек мэриясынын Шаар чарба департаментинин директорунун орун басары Мирлан Энназаров мэрия "Жашыл шаар" долбоорунун жардамы менен абаны булгаган булактарды аныктай турганын айтты.
Sputnik
Бишкекте "Жашыл шаар" долбоору башталып, ага ылайык, эл аралык эксперттер тобу Кыргызстандын борборунда экологиялык көйгөйлөрдүн келип чыгуу себептерин изилдеп жатышат. Бул тууралуу Мирлан Энназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Жашыл шаар" долбоору 2019-жылы муниципалитет кошулган ЕРӨБ программасынын алкагында ишке ашырылат.
"Долбоор абанын, суунун, топурактын сапаты, климаттын өзгөрүү тобокелдиктери жана транспорттук инфраструктура маселелерин чечүү боюнча конкреттүү иш-чаралардын негизин түзөт. Узак мөөнөттүү долбоор Япония өкмөтү, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Инвестициялык долбоордун жарымы грант, жарымы насыя. Бул долбоор бир нече көрсөткүч боюнча масштабдуу экологиялык изилдөөлөрдү камтыйт. Мисалы, Бишкек ТЭЦинен, транспорттон, жеке сектордон атмосферага түшкөн зыяндуу заттардын так көлөмү аныкталат. Бардыгы такталгандан кийин борбордун экологиясын жакшыртуу, анын ичинде ыш менен күрөшүү маселеси боюнча конкреттүү иш-чаралар планы иштелип чыгат. Ошондой эле алардын ар бири үчүн канча каражат талап кылынарын аныктоого болот. Долбоор биздин максаттарыбызга, Кыргызстандын улуттук стратегиясына жана экология менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча кабыл алынган милдеттенмелерге толугу менен шайкеш келет", — деди Энназаров.
Ал донорлор менен электр автобустарын сатып алуу жана Кыргызстандын электр унааларына суроо-талапты жогорулатуу боюнча келишимдер бар экенин кошумчалады.