Радио

Мадиев: аңчылыктан түшкөн каражаттын 35%ы жергиликтүү бюджетке кетет

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Адис Мадиев 13-августтан тарта айрым жаныбарларга аңчылык кылууга уруксат берилгенин белгиледи.
Sputnik
Аңчылыктан түшкөн каражаттын 35 пайызы жергиликтүү, калганы республикалык бюджетке түшөт. Бул тууралуу Адис Мадиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Баткен, Ош облустарында канаттууларга гана аңчылык кылууга уруксат берилип, аталган аймакта калган жаныбарларды атууга чектөө коюлган.
"Биотүрдүүлүктүү сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу боюнча саясатты ишке ашыруу үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2021-жылдын 15-ноябрында токтом кабыл алган. Ага ылайык, өлкөдө аңчылык сезону 13-августтан баштап жүрүүдө. 2015-жылы аңчылык кылуу эрежеси бекитилген. Кен байлыктар менен биотүрдүүлүк өлкөнүн ири байлыгы болуп саналат. Алардын ичинен өсүмдүк, жаныбарлар кайра калыбына келүүчү ресурс. Аны сарамжалдуу колдонуу милдети турат. Мына ошонун баары жогоруда айтылган токтомдо көрсөтүлгөн. Учурда Баткен, Ош облустарында аңчылык кылууга чектөө бар. Аталган аймакта канаттууларды атууга уруксат берилген. Ал эми республиканын калган аймактарында мергенчилик сезону жүрүп жатат. 2021-жылы өлкө бюджетине аңчылыктан 110 миллион сом түшкөн. Мунун 35 пайызы жергиликтүү, калганы республикалык бюджетке кеткен", — деди Мадиев.
Ошондой эле ал 2020-жылы пандемияга байланыштуу аңчылык сезону болбой калганын кошумчалады.