Акылбек Жапаров иш сапары менен Астана шаарына барды

Премьер-министрлер коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен да жолугушмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Астана шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, ал КМШ өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Ошондой эле премьер-министрлер коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен да жолугушмакчы.
Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке келди