БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Украинадагы чатак — АКШнын мурдагы советтер бийлигинин калдыктарын жок кылып, ал эми анын чачырандыларын баш көтөрбөй макул деп турган кичинекей өлкөгө айлантууга кылган аракети. Бул тууралуу америкалык журналист жана жазуучу Эрик Марголистин Guardian Sri Lanka басылмасына берген материалында айтылган.
"Кийинки максат Россиянын Ыраакы Чыгышы же Урал болушу мүмкүн. Вашингтондогу согуш партиялары, республикачылар болобу, демократтар болобу, кыязы, Россияны толук жок кылабыз деп киришкендей", — деп жазылат макалада.
Автордун пикиринде, Украинадагы чатак чакан дүйнөлүк үчүнчү согушка айланды, себеби АКШ жана анын маанилүү болгон союздаштары болгон күчүн колдонуп Москвага ордунан тургус сокку урууга жанталашып келет.
Марголис Украинаны НАТОго киргизүүгө түртмөлөп, Россияны майдалоого аракет кылуунун кереги жоктугун белгилеген. Эгер каалоосу күч болсо, Украинанын орус тилдүү аймактары Россияга кошула берсин деген таризде жазган ал. Мындан сырткары, аймактан батыш күчтөрүн алып чыгып, дипломатияга кайтып келиш керектигин белгилеген.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Президенттин айтымында, башкы максат — Донбассты куткаруу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугу боюнча кепилдик берген шарттарды түзүү.