29-октябрга карата аба ырайы

29-октябрда өлкө боюнча түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Ишембиде күндүз айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас жергесинде +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +15...+20, Ысык-Көл облусунда +11...+16, Нарын жергесинде +8...+13 градус жылуу болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +11...+16, Ош шаарында +15...+20 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы