ЖККУнун кезексиз сессиясы эртең, 28-октябрда, болот. Күн тартиби

Отурумда эки маселе карала турганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун кезексиз сессиясы эртең, 28-октябрда, болорун анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчылардын ЖККУнун азербайжан-армян чек арасындагы курчуган абалга байланыштуу Арменияга 15-сентябрда жөнөтүлгөн миссиясынын ишинин жыйынтыгын талкуулаары айтылды.
Андан сырткары, Арменияга жардам берүү боюнча биргелешкен чаралардын каралышы күтүлүүдө.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Владимир Путиндин отурумга катышууну пландап жаткандыгын билдирген, бирок азырынча так маалымат бериле элек.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Акылбек Жапаров ЖККУнун баш катчысы Засты кабыл алды. Эмне сөз болду