Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина республикачылардын Киевге берчү жардамынын кыскарышына тынчсызданууда

Ноябрь айында Кошмо Штаттарда Конгресстин эл өкүлдөр палатасына шайлоо өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Киев республикачылардын Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы шайлоодо жеңишке жеткенден кийин Украинага берилчү жардамды кыскартуу ниетине түйшөлүп жатат. Бул туурасында Axios менен болгон маегинде Украинанын ТИМ жетекчиси Дмитрий Кулеба айткан.
"Бул билдирүүлөргө тынчсыздануудабыз. Алар адилетсиздик кылып жатышат. Бирок муну оңдоп, тобокелдик менен майнаптуу күрөшөбүз жана Украинага берилчү жардам кыскарбайт", — деген министр.
Басылма Американын жардам бербей калышы "Украинага урулган сокку болорун" белгилеген. Автор Эл өкүлдөр палатасынын 57 өкүлү май айында Украинага 40 миллиард долларлык жардам көрсөтүүгө каршы чыкканын билдирди. Бул сан эгерде алардын партиясы ортодогу шайлоолордо жеңишке жетсе, сезилерлик көбөйүшү мүмкүн.
Ноябрь айында АКШда Конгресстин эл өкүлдөр палатасына шайлоо болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Financial Times: 2024-жылы АКШ үчүн Украина экинчи планга жылат