ИИМ: тинтүү жүрүп жатканда үй ээсинин камерага тартышына тыюу салынбайт

Министрдин орун басары ошол эле маалда социалдык тармактан түз эфирге чыгууга жол берилбей турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүрүп жатканда үй ээсинин камерага тартышына тыюу салынбайт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев парламентте билдирди.
"Тинтүү учурунда оперативдүү видеотартуулар жүргүзүлөт. Тергөө тобунда атайын эксперт болот, өзүнүн камерасына баарын тартат. Тинтүү жүргүзүлүп жаткан үйдүн ээси да ал учурда видеого тартса болот. Тыюу салынбайт", — деди Аширходжаев.
Депутат Эрулан Көкүлов бул мыйзам сакталбай, тинтүүгө келгенде биринчи эле телефонго асылышарын айтты.
Аширходжаев өзүн коргоо үчүн видеого тартса болорун, бирок социалдык тармактан түз эфирге чыгууга тыюу салынарын белгиледи. Анын айтымында, тергөө жабык жүргүзүлүшү керек.
"Мени менен тең окшойт". Депутат тергөөчүлөргө жаңы камера алып берүүнү сунуштады