Sputnik агенттигинин фотографы тарткан сүрөттөр эл аралык көргөзмөгө коюлду

Келген конокторго Евразиядагы фотографтардын 250 мыкты сүрөтү көрсөтүлдү. Анын арасында Кыргызстандан барган Табылды Кадырбековдун эмгектери бар.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун фотографы Табылды Кадырбеков тарткан сүрөттөр "Мен бул жерде жашайм" аттуу эл аралык фотокөргөзмөгө коюлду.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун фотографы Табылды Кадырбеков тарткан сүрөттөр "Мен бул жерде жашайм" аттуу эл аралык фотокөргөзмөгө коюлду
Кадырбеков көргөзмөгө кыргыздын салттуу кийимдерин кийген бөбөктөрдү тарткан эмгектерин сунуштаган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотографы аталган иш-чарага экинчи ирет катышып жатат.
"Бул фотокөргөзмөгө экинчи жылы катышып жатам. Ынтымактуу кесиптештердин, редакциянын арты менен эмгектерим өлкө атынан эл аралык иш-чарада көрсөтүлүүдө. Ар бир сүрөттүн артында командабыздын чоң эмгеги жатат", — деген ал.
Көргөзмө 24-28-октябрда Санкт-Петербургдагы Эрмитажда өтмөкчү. Келген конокторго Евразиядагы фотографтардын 250 мыкты сүрөтү көрсөтүлдү. Анын арасында Кыргызстандан барган Табылды Кадырбековдун эмгектери бар. Фотографтар өздөрүнүн жашаган жери жана сүрөттөгү каармандары тууралуу айтып беришкен.
Салттуу кийим куп жарашкан кыргыздын мырзалары. Көз кубанткан 15 сүрөт