Садыр Жапаров Астанада ЕК президенти Шарль Мишель менен жолукту

Мамлекет башчы соода-экономикалык байланыштарды жандандыруу жана кыргыз товарларын Европа рыногуна экспорттоо тууралуу кеп кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Астанада Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолукканын өлкө жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Анда тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигине (ЕБ) мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөөнүн актуалдуу багыттарын талкуулашкан. Ошондой эле аймактык коопсуздук маселеси боюнча пикир алмашкан.
1 / 4

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Астанада Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолукканын өлкө жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады

2 / 4

Анда тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигине (ЕБ) мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөөнүн актуалдуу багыттарын талкуулашкан. Ошондой эле аймактык коопсуздук маселеси боюнча пикир алмашкан

3 / 4

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташуусуна быйыл 30 жыл толорун айтып, бул мезгил аралыгында ЕБ Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшүнө айланып, алдыңкы донорлорунун бири болуп калганын белгилеген

4 / 4

Ошондой эле Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюу маанилүү экенин айткан

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташуусуна быйыл 30 жыл толорун айтып, бул мезгил аралыгында ЕБ Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшүнө айланып, алдыңкы донорлорунун бири болуп калганын белгилеген. Ошондой эле Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюу маанилүү экенин айткан.
"Мамлекет башчы соода-экономикалык байланыштарды жандандыруу жана кыргыз товарларын Европа рыногуна экспорттоо тууралуу кеп кылып, Кыргызстанга Преференциялардын жалпы системасы+ (ПЖС+) макамын узартуу маселесин козгоду", — деп жазылат кабарда.
Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель ЕБ Борбор Азия менен кызматташууну эң маанилүү багыттардын бири катары карай турганын айтып, ЕБ Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган кызматташтыкты жандандырууга даяр экенин кошумчалаган.
Садыр Жапаров Кыргызстан качан Европага электр энергиясын сата турганын айтты