БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россиянын жумушчулары Запорожье облусундагы жолдорду калыбына келтирүү иштерин күнү-түнү улантууда. Бул тууралуу РИА Новости кабарчысына таянып жазды.
Учурда Мелитополь, Бердянск райондорунда жана Херсон облусуна кетүүчү трассада иштер жүрүп жатат. Бул жактарга көптөгөн техника жана жумушчулар тартылган.
"Биз Запорожье облусунда автоунаа жолдорун калыбына келтирип жатабыз. Аларды Россия Федерациясынын нормативдеринде каралган абалга келтиришибиз керек. Жолдорду сапаттуу курганга аракет кылып жатабыз", — деген РИА Новостиге Россиянын жол куруу компанияларынын биринин өкүлү.
Ал иштер эки-үч нөөмөт менен жүрүп жатканын, Запорожье облусунун жол тармагын кыска мөөнөттө калыбына келтирүү тапшырмасы коюлганын билдирген.
Запорожье облусун Крым жана ДЭР менен байланыштырган жолдор аймактын тургундарын азык-түлүк, күйүүчү май жана керектүү буюмдар менен камсыз кылуу үчүн кызмат кылат. Ошондой эле Мелитополь аркылуу өткөн жол Херсон облусун Россиянын башка аймактары менен байланыштырат.