Россия Батыштын Азиядагы активдүүлүгүнө көз жуумп кое албайт

Тышкы саясат боюнча ведомствонун жетекчиси Кабулга жардамга кол сунуу туурасында да айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. АКШнын Борбор Азия мамлекеттеринин тагдырына кийлигишүүгө аракеттенгенин эске алганда, Россия кайдыгерлик менен четте карап тура албайт. Бул туурасында РФ ТИМ жетекчисинин орун басары Олег Сыромолотовдун айтканына таянып РИА Новости жазды.
"Буга байланыштуу америкалыктар "антитеррордук" гана эмес, "гуманитардык" картаны да жакшы ойнотуп жатышат. Талибдерге* басым көрсөтүп ультиматум коюуда улам начарлап бара жаткан гуманитардык абалды колдонууга умтулуу күч. АКШ БУУнун гуманитардык агенттиктеринин, укук коргоо уюмдарынан жана афгандардын өзүнүн чакырыктарына карабай өлкөнүн чет элдеги активдерин мыйзамсыз кармап турат", — деди ал.
Сыромолотов Батыштын бир катар аракеттерин көрүп, четте карап турууга болбой тургандыгын айткан.
"АКШнын Борбор Азия мамлекеттеринин тагдырына кийлигишүүгө аракеттенгенин эске алганда, Россия кайдыгерлик менен четте карап тура албайт", — деген РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары.
Тышкы саясат боюнча ведомствонун жетекчиси Кабулга жардамга кол сунуу туурасында да айткан.
"Борбор Азиядагы терактылар ыктымалдыгында афган фактору олуттуу бойдон калып жаткандыктан биз Кабулга өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга, коопсуздук боюнча кызыкчылыктарды камсыздоого көмөктөшөбүз", — деген Сыромолотов.
Путин КМШ алкагындагы кооптуулуктар туурасында айтты