Ноябрдан тарта Дубайдан Ошко учак каттай баштайт

Авиакаттамды жумасына эки жолу, шейшемби жана жума күндөрү Fly Dubai авиакомпаниясы аткарат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Дубайдан Ошко туруктуу каттам ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызмат билдирди.
Ага ылайык, 3-ноябрдан тарта Дубай — Ош — Дубай багыты боюнча учак каттай баштайт.
Авиакаттамды жумасына эки жолу, шейшемби жана жума күндөрү Fly Dubai авиакомпаниясы аткарып турары маалым болду.
Дубайдан Ошко туруктуу авиакаттам жети жыл мурда токтоп калганы айтылып, эми кайра жанданып жатканы кошумчаланды.
Сеулдан Бишкекке түз авиакаттам ачуу пландалууда